Спорттук Арбитраждык Сот 3 орус биатлончунун өкүмүн жойду

Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан Сочи - 2014 олимпиадасында тыюу салынган заттарды колдонгонду деген негиз менен өмүр бою тыюу салынган Ольга Вилухина, Яна Романова жана Ольга Зайцеванын нааразычылыктары негиздүү болуп чыкты.

1497274
Спорттук Арбитраждык Сот 3 орус биатлончунун өкүмүн жойду

Спорттук Арбитраждык Сот 2014 - жылы Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарында допинг колдонгондугу үчүн спортко өмүр бою тыюу салынган 3 орус биатлончунун өкүмүн жойду.

Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан Сочи - 2014 олимпиадасында тыюу салынган заттарды колдонгонду деген негиз менен өмүр бою тыюу салынган Ольга Вилухина, Яна Романова жана Ольга Зайцеванын нааразычылыктары негиздүү болуп чыкты.

Вилухина менен Романова тууралуу жетерлик  далилдер табылбагандыктан  жазалары жоюлду жана  жана алардын Сочи - 2014төгү жеке мелдештердеги даражалары кайрадан калыбына келтирилди.

Вилухина 7,5 чакырымга чуркоодо  жеңип алган күмүш медалын кайтарып алды.

Зайцеванын жазасы оор деп табылды.

Спортчунун Пхенчхан - 2018 кышкы олимпиадасында жазасын тарткандыгына чечим чыгарылды.

Зайцева кийинки өткөрүлө турган  иш  - чараларга катыша алат.

 

 



Тектеш кабарлар