Стамбулда өткөн жеңил атлетика мелдешинде Түркия 5 медалга ээ болду

Мелдеште жаш түрк спортчулары көңүлдөрдү бурду.

1361073
Стамбулда өткөн жеңил атлетика мелдешинде Түркия 5 медалга ээ болду

Стамбулда жеңил атлетика боюнча мелдеш өттү. Мелдеш 27 өлкөдөн 138 жеңил атлеттин катышуусунда Атакөй Атлетизм  үстү жабык стадионунда ишке ашты.

Эркектердин 60 метрге жарышында Эмре Зафер Барнес 6,65тик даражасы менен биринчиликти алды жана алтын медалды тагынды.

Ошол эле категорияда Умут Уйсал болсо 6,69дук даражасы менен экинчи орунду алып күмүш медалга ээ болду.

Бул жарышта Кайхан Өзер 6,90дук даражасы менен жетинчи жана Эртан Өзкан 6,92лик даражасы менен сегизинчи келди.

60 метр тосмодон аттап жарышууда Микдат Севлер 7,80дик даражасы менен алтын медалды багындырды.

Фуркан Акташ 8,01лик даражасы менен коло медалга ээ болсо, Атакан Гүнеш 8,32лик даражасы менен алтынчылыкты алды.

400 метрге чуркоо боюнча Батухан Алтынташ 47,40 даражасы менен үчүнчүлүктү алып коло медалды тагынды.

Огуз Акгүл 47,67лик даражасы менен бешинчи, Махсум Коркмаз 48,64түк даражасы менен тогузунчу жана Акын Өзйүрек 49,04түк даражасы менен 10-орунду алды.

800 метрге чуркоодо Мехмет Челик 1.51.38лик даражасы менен жетинчиликти, Мурат Ялчынкая 1.51.69дук даражасы менен сегизинчиликти, Абдуррахман Гедиклиоглу 1.52.77лик даражасы менен 12-келди.

Узундукка секирүүдө Муаммер Демир 7 метр 23 сантиметрге секирип жетинчи, Хүсейин Ожак 7 метр 35 сантиметрге секирип сегизинчи, Йигит Йешилчичек болсо 6 метр 99 сантиметрге секирип тогузунчулукту алды.

Эркектер арасында ядро ыргытуу жарышында Мурат Гүндүз 17 метр 25 сантиметрге ыргытып тогузунулукту алды.

Айымдар арасында 1500 метрге чуркоодо алдыда бараткан Рахме Текин аркасынан келе жаткан албан спортчусу Луиза Гегага тоскоолдук кылгандыгы үчүн оюндан чыгып калды.

Аялдар 1500 метрге чуркоодо Фатма Арык 4.26.97лик даражасы менен бешинчи болсо, Дамла Челик 4.32.52лик даражасы менен жетинчиликти алды.

60 метрге чуркоодо түрк атлеттерден Мизгин Ай 7.44түк даражасы менен төртүнчү жана Симай Чивтчи 7,64түк даражасы менен жетинчи орунду алды.

400 метрге чуркоодо Эмел Шанлы Кырчын 54.53түк даражасы менен алтынчы, Зехра Орал 56.87лик даражасы менен 10-орунду алды жана Зейнеп Куран 57.01лик даражасы менен 11-болуп келди.

60 метр тоскоолдуктан аттап чуркоодо Өзге Сойлу 8,41лик даражасы менен алтынчы, Шеввал Аяз 8,49дук даражасы менен жетинчи, Бейзанур Явуз 9,06лык даражасы менен он экинчиликти алды.

Үч кадам аттап секирүүдө Бейза Тилки 13 метр 03 сантиметрге секирип бешинчиликти алса, Гизем Акгөз 12,65 метр менен жетинчи жана Эсра Йылмаз 12,55 метр менен сегизинчи болду.

Бийиктиктен секирүүдө Кадрийе Айдын 1 метр 78 сантиметрден секирип төртүнчү, Мерве Менекше 1 метр 75 сантиметрден секирип бешинчи, Рүмейса Өкдем жана Бусе Савашкан 1 метр 70 сантиметрден секиришип алтынчы орунду алышты.



Тектеш кабарлар