THY Европа Лигасынын плей-офф оюндары
2023-2024-жылкы сезондун чемпионун аныктай турган төрттүк финал 24-26-майда Германиянын Берлин шаарындагы Mercedes Benz Аренада өтөт.
Европа баскетболунун клубдар деңгээлиндеги эң маанилүү турнири THY Европа Лигасынын плей-офф атаандаштары белгилүү болду.
Лиганы 6-орунда бүтүргөн Фенербахче Беко 3-орундагы Франциянын өкүлү AS Монако менен беттешет.
Кадимки сезонду 9-орунда бүтүргөн Анадолу Эфес болсо play-in турнирине катышат жана жеңсе лидер Реал Мадриддин атаандашы болот.
Кочкул көк-ак команда биринчи атаандашы Виртус Болоньяны жеңсе, плей-офф үчүн Маккаби Плейтика-Баскония беттешинде утулган команда менен ойнойт.
2023-2024-жылкы сезондун чемпионун аныктай турган төрттүк финал 24-26-майда Германиянын Берлин шаарындагы Mercedes Benz Аренада өтөт.
Плей-офф беттештери төмөнкүдөй:
Реал Мадрид - Play-in жеңүүчүсү
Panathinaikos - Play-in жеңүүчүсү
АС Монако - Фенербахче Беко
Барселона - Олимпиакос