Топрак Разатлыоглу Испанияда супербайк жарышына катышты

Мотоциклист Разгатлыоглу, сезондун экинчи этабына Испанияда Түркиянын атынан чыгып, алгачкы жарышта үчүнчү келди.

1465765
Топрак Разатлыоглу Испанияда супербайк жарышына катышты

Дүйнөлүк Супербайк чемпионатында улуттук мотоциклист Разгатлыоглу, сезондун экинчи этабына Испанияда Түркиянын атынан чыгып, алгачкы жарышта үчүнчү келди.

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) себебинен көпкө созулган тыныгуудан кийин Испаниянын Кадис шаарында өткөн 4.4 км аралыктагы  Херез трассасында Ред булл спортчусу Разгатлыоглу биринчи жарышка чыкты.

PATA Yamaha командасынын айдоочусу Топрак Разгатлыоглу 5-тилкеден түшкөн жарышта үчүнчү орунга чыкты.

Жарышта биринчиликти Улуу Британиядан Скотт Реддинг алса,  Жонатан Ри экинчи орунга ээ болду.

Испания чемпиондук жарышында экинчи этап бүгүн Түркия убактысы боюнча саат  15:00дө өтөт.



Тектеш кабарлар