Трабзонспор өз талаасында Бешикташка жеңилди

Бешикташ 3-1 эсебинде Трабзонду утуп алды.

1490012
Трабзонспор өз талаасында Бешикташка жеңилди

Түркиянын Супер лигасында жаңы сезондун алгачкы аптасында Бешикташка өз талаасында 3-1 эсебинде жеңилген Трабзонспор сезонду начар баштап алып Стамбул командаларынан жеңилбөө сериасын таштагансыйт.

2018-2019 сезонунун 21-аптасында 2019-жылдын 10-февралында атаандаш талаасында Галатасарайдан 3-1 эсебинде утулгандан бери Стамбулдун командаларынан эч жеңилбей келген Кара деңиздин командасы Бешикташка утулушу менен 581 күндөн кийин аянттан упайсыз чыкты.

Бешикташ Трабзонспорду атаандаш талаасында утуп алгандыктан сезонду 3 упай менен баштады.

Ак-кара түстүү команданын голдорун 29-мүнөттө Бойд, 64-мүнөттө Менсах жана 74-мүнөттө Ленс киргизди.

Трабзонспордун беттешүүгө алгачкы 11дин ичинде баштаган жалгыз жаңы оюнчусу Флавиого кызыл карточка көрсөтүлүп оюндан чыгып калды.



Тектеш кабарлар