Трабзонспор УЕФА Чемпиондор лигасынын плей-офф турунда Копенгаген менен беттешет

Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын баш кеңсесинде өткөрүлгөн чүчүкулак тартуу аземинде Трабзонспордун плей-офф баскычындагы атаандашы аныкталды.

1862814
Трабзонспор УЕФА Чемпиондор лигасынын плей-офф турунда Копенгаген менен беттешет

УЕФА Чемпиондор лигасынын плей-офф турунда Трабзонспор Даниянын өкүлү Копенгаген менен беттешмей болду.

Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын баш кеңсесинде өткөрүлгөн чүчүкулак тартуу аземинде Трабзонспордун плей-офф баскычындагы атаандашы аныкталды.

Трабзонспор плей-офф турунда Даниянын Копенгаген командасы менен беттешет. Кара деңиздин өкүлү бул турда биринчи беттешин 16 же 17-августта конокто, экинчи беттешин 23 же 24-августта өз үйүндө өткөрөт.

Кочкул кызыл-көк түстүү команда плей-офф раундунан өтө албаса, УЕФА Европа Лигасында тайпаларда калат. Бул уюмда 26-августта тайпалык чүчүкулактар тартылат.

 

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 2022-2023 сезонунун плей-офф раундундагы матчтар төмөнкүчө:

 

Чемпиондор жолу

 

Карабах (Азербайжан) / Ференцварош (Венгрия) - Шериф (Молдова) / Виктория Пльзен (Чех)

 

Бодо Глимт (Норвегия) / Жальгирис (Литва) - Лудогорец (Болгария) / Динамо Загреб (Хорватия)

 

Маккаби Хайфа (Израиль) / Аполлон  (Кипр Рум бөлүгү) - Red Star (Сербия) / Пюник (Армения)

 

Копенгаген (Дания) - Трабзонспор (Түркия)

 

Лига жолу

 

Динамо Киев (Украина) / Штурм Грац (Австрия) - Бенфика (Португалия) / Мидтжилланд (Дания)

 

Юнион Сен-Жиллуа (Бельгия) / Рейнджерс (Шотландия) - Монако (Франция) / ПСВ (Нидерландия)

 



Тектеш кабарлар