Тренер Фатих Теримге жаза берилди
Галатасарай клубунун төрагасы Мустафа Женгиз Профессионал Футболдук Дициплина Кеңешинин чыгарган чечимине каршылык көрсөттү.
1264993
Түркия футбол федерациясынын Профессионал Футболдук Дициплина Кеңеши Галатасарайдын тренери Фатих Теримге 4 оюнга катышпоо жазасын берди.
Галатасарайдын Кайсериспор менен ойногон оюнунда Фатих Теримдин спортчулукка тескери маалыматтарды беришинен улам берилген жаза чечинүү бөлмөсүнө кирүүгө тыюу салууну да камтууда. Кеңеш өзгөчө Теримге 19 миң лира акчалай жаза берди.
Галатасарай клубунун төрагасы Мустафа Женгиз Профессионал Футболдук Дициплина Кеңешинин чыгарган чечимине каршылык көрсөттү.
Чыгарылган чечимдин Түркия футболдук федерациясына жараштырбагандыгын белгилеген төрага Женгиз : «Жаза билдирүүсүнүн өзгөчө саат 19:05те эфирге кириши мени бул жерге алып келди»,- деди.