Цуренко: "Согуш учурунда теннис ойноп жатып өзүмдү күнөөлүү сезүүдөмүн"

33 жаштагы спортчу колунан келгени оюнду улантып, акчалай сыйлыктын 10 пайызын өз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары берүү экенин айтты.

1850293
Цуренко: "Согуш учурунда теннис ойноп жатып өзүмдү күнөөлүү сезүүдөмүн"

Украиналык аял теннисчи Лесия Цуренко өз өлкөсүндөгү согуш учурунда теннис ойноп жатып өзүн "күнөөлүү сезгенин" билдирди.

Англиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн теннис боюнча сезондун үчүнчү чоң шлем турнири Уимблдондо жарышып 3-турга жеткен Цуренко: «Өзүмдү абдан күнөөлүү сезүүдөмүн»,-деди.

33 жаштагы спортчу колунан келгени оюнду улантып, акчалай сыйлыктын 10 пайызын өз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары берүү экенин айтты.

Орусиянын өз өлкөсүнө аскерий кийлигишүүсү тууралуу сөз кылган украиналык теннисчи: «Мен кыла турган эч нерсе жоктой сезип жатам. Украинада болуп жаткандар коркунучтуу. Мен өзүмдү абдан жаман сезүүдөмүн»,-деди.



Тектеш кабарлар