Түрк балбандары Римде 12 медалга ээ болду

Түркия, турнирди 1 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль менен жалпы 12 медалга ээ болуп бүтүрдү.

1343412
Түрк балбандары Римде 12 медалга ээ болду

Түркия, Италиянын борбор шаары Римде өткөн Дүйнөлүк күрөш биримдигинин(UWW) Ranking Series мүнөзүндөгү Эл аралык «Маттео Пелликоне» күрөш турниринде 12 медалга ээ болду.

Грек-рим ыкмасында 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болгон улуттук балбандар, мелдеште командалык түрдө чемпиондукту багындырды.

Эркин күрөш ыкмасынын таймаштары да аякташы менен Түркия, турнирди 1 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль менен жалпы 12 медалга ээ болуп бүтүрдү.

Римде 10-16-февралда боло турган Европа чемпионатына даярданып жаткан улуттук балбандар бир эле убакта 2020 Токио Олимпиада оюндарынын Европа жана Дүйнөлүк тандоо турнирлеринде тизменин сап башынан орун алыш үчүн жарышууда.



Тектеш кабарлар