Түрк калысы Челси-Валенсия оюнун башкарат

калыс Жүнейт Чакыр, шейшемби күнү Англиянын Челси командасы менен Испаниянын өкүлү Валенсиянын ортосунда боло турган оюнду башкарат.

1269820
Түрк калысы Челси-Валенсия оюнун башкарат

FIFA кокарттуу калыс Жүнейт Чакыр, УЕФАнын Чемпиондор лигасынын «Н» тайпасында 17-сентябрь шейшемби күнү Англиянын Челси командасы менен Испаниянын өкүлү Валенсиянын ортосунда боло турган алгачкы аптадагы оюнду башкарат.

УЕФАнын интернет барагында орун алган маалыматка караганда Англиянын борбор калаасы Лондондогу «Stamford Bridge» стадионуна Түркия убактысы боюнча саат 22:00де баштала турган беттешүүдө ышкырыгын ышкыра турган Жүнейт Чакырдын жардамчлыктарын Бахаттин Туран жана Тарык Онгун ишке ашырат.

Оюндун төртүнчү калысы Хүсейин Гөжек болот.

Беттешүүдө Видео жардамчы калыс (VAR) катары Мете Калкаван, асистент видео жардамчы калыс (AVAR) катары да Али Палабыйык орун алат.



Тектеш кабарлар