Түркия грек жана өзбек командалары менен беттешет

Эки футболдук мелдеш тең саат 21.00де башталат.

1200950
Түркия грек жана өзбек командалары менен беттешет

2020-жылы өтүүчү УЕФА Европа футбол чемпионатынын тандоо оюндарынын «Н» тайпасында Түркиянын улуттук командасы, Греция жана Өзбекстан менен беттешет.

Эки таймаш тең ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Улуттук команда 30-май бейшемби күнү Греция менен Анталья стадионунда ойнойт.

2-июнь жекшемби күнү болсо Өзбекстан менен Аланьядагы Оба стадионунда беттешет.

Эки футболдук мелдеш тең саат 21.00де башталат.

Улуттук курама «Н» тайпасындагы үчүнчү оюнун 8-июнь ишемби күнү Франция менен Кония мэриясынын стадионунда саат 21.45те ойнойт.

Ал эми тайпадагы төртүнчү таймашында болсо 11-июнь шейшемби күнү Исландия менен баш калаа Рейкьявиктеги Лаугардалсвёллур стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 21.45те беттешет.



Тектеш кабарлар