Түркия Европанын университеттик спорт оюндарында 47 медалга ээ болду
Университеттик спорт оюндарында Йедитепе университети биринчиликти алды.
1863531
Польшанын Лодз шаарында өткөрүлгөн Европанын университеттик спорт оюндарында түркиялык жаш спортчулар 22 алтын, 19 күмүш жана 6 коло болгон жалпы 47 медаль алып рекорд жаңыртты.
Европанын университеттик спорттор биримдиги (EUSA) тарабынан уюштурулган университеттик спорт оюндарында Йедитепе университети биринчиликти алды.
Жалпысынан 228 университет катышкан Европанын университеттик спорт оюндарында 15 башка тармакта ат салышкан Түркия; 22 алтын, 19 күмүш жана 6 коло жалпы 47 медалга ээ болду.
Университет рейтинги:
1- Йедитепе университети
2- Лион университети
3- Лодз технологиялык университети
Өлкө рейтинги:
1- Польша
2- Түркия
3- Украина