Түркия-Сербия беттешүүсү голсуз аяктады
Ай-жылдыздуу командабыз тайпасындагы биринчи упайын Белградда алды.
«А» Улуттук футбол командабыз УЕФА Улуттар «В» лигасынын 3-тайпасындагы экинчи матчында Сербиянын талаасында 0: 0 эсебинде тең чыкты.
Ай-жылдыздуу командабыз тайпасындагы биринчи упайын Белградда алды.
«Ражко Митич» стадионунда өткөн беттештин 90 мүнөтү 0-0 болуп, голсуз аяктады.
Улуттук команда бул жыйынтык менен тайпасындагы биринчи упайына ээ болсо, Сербия командасынан Александр Коларов 49-мүнөттө экинчи сары карточкасын көрүп оюндан чыгып калды.
Тайпадагы дагы бир беттеште Россия Венгрияны атаандаш талаасында 3-2 эсебинде утуп алды.
Россия өз упайын 6га чейин көтөрсө, Венгрия 3 баллда калды.
Улуттук команда тайпадагы үчүнчү оюнунун 11-октябрда атаандаш талаасында тайпанын лидери Россия менен ойнойт.
Тектеш кабарлар
Улуттук бадминтончу Неслихан Арын коло медалга ээ болду
Германиянын Саарбрюккен шаарында өткөрүлгөн чемпионатта Неслихан менен Кирсти Гилмур беттешти.