Түркия жаа атуу боюнча Европа чемпионатында экинчиликти алды

Үстү жабык аянтта жаа атуу боюнча Европа чемпионаты 2019ду Орусия биринчи орунда бүтүрсө 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон Түркия экинчиликти алды.

1155908
Түркия жаа атуу боюнча Европа чемпионатында экинчиликти алды

Түркиянын Самсун шаарында уюштурулган Үстү жабык аянтта жаа атуу боюнча Европа чемпионаты 2019ду Орусия биринчи орунда бүтүрсө 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон Түркия экинчиликти алды.

Дүйнөлүк жаачылык федерациясы тарабынан уюштурулган жана 25 өлкөдөн 184 спортчу катышкан чемпионатта биринчи кадам Жаачылык залында ишке ашты.

Түркия, 5 күнгө созулган иш-чарада 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медал менен жалпы 7 медалга ээ болуп команда боюнча экинчи орунду алды.

Иш-чарада Түркиянын атынан Чыгырыктуу жаа аттуу боюнча жаш эркектер жана классикалык жаа атуу боюнча жаш эркектер командалары менен чыгырыктуу жаа атуу боюнча жаш айымдардын жеке жарышында Гизем Элмаагачлы алтын медалга ээ болду.

Чыгырыктуу жаа аттуу боюнча жаш эркектердин жеке жарышында Якуп Йылдыз жана чыгырыктуу жаа атуу боюнча жаш айымдардын жеке жарышында Ясемин Бегүм Топкаржы күмүш медалга ээ болушту.

Коло медалдарды болсо классикалык жаа атуу боюнча жаш эркектер командалары менен классикалык жаа атуу боюнча жаш айымдар командалары утту.

Чемпионатта үчүнчүлүктү 2ден алтын, 3төн күмүш жана 1ден коло меадалга ээ болгон Италия менен Украина бөлүшүштү.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган, Европанын Үстү жабык аянтта жаа тауу чемпионатында алтын медалга ээ болгон спортчу Гизем Элмаагачлыны куттуктады.


Этикеткалар: #Түркия , #Самсун шаары

Тектеш кабарлар