Түркиялык балбан кыздардан алтын медаль...
Жер Ортолук деңиз оюндары уланып жатат.
Жер Ортолук деңиз оюндарынын бешинчи күнүндө түрк балбан кыздары мыкты мелдешти.
50 килограммда Эвин Демирхан Явуз финалда француз Жули Сабатиени 3-2 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.
53 килограммда Зейнеп Йетгил финалда грек Мария Преволаракиге 3-1 эсебинде утулуп күмүш медаль тагынды.
57 килограммда таймашкан Бедиха Гүн тунистик Сивар Бусетаны 5-0 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.
68 килограммда Бусе Тосун Чавушоглу француз атаандашы Полин Лекарпентиерге 4-3 эсебинде утулуп, оюндарды күмүш медаль менен аяктады.
Күндүн акыркы беттешинде дүйнө чемпиону Ясемин Адар Йигит мелдешке чыкты.
Улуттук спортчу 76 килограмм салмакта италиялык Энрика Риналды 10-0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.