Түркиянын командасы эртең АКШ менен беттешет

Беттеш Түркия убактысы боюнча 20.30да башталып, ТРТ Спор каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1663264
Түркиянын командасы эртең АКШ менен беттешет

Түркиянын волейбол боюнча А Улуттук кыздар командасы эртең FIVB Улуттар лигасынын төрттүк финалынын биринчи оюнунда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен беттешет.

Италиянын Римини шаарында өтүп жаткан мелдештеги биринчи тур оюндарында лидер АКШ, экинчи Бразилия, үчүнчү Жапония жана төртүнчү Түркия төрттүк финалга катышуу укугуна ээ болушту.

Биринчи турдагы 15 беттештин 11инде жеңишке жетишкен Түркиянын командасы эртең жарым финалда 15инин 14үн уткан АКШ менен беттешет. Беттеш Түркия убактысы боюнча 20.30да башталып, ТРТ Спор каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Жеңүүчү команда финалга өтүп Бразилия-Япония беттешинин жеңүүчүсү менен чемпиондук мелдешке катышат. Утулган тараптар болсо үчүнчү орун үчүн ойношот.

Түрк командасы FIVB Улуттар лигасынын биринчи турунда АКШга 3-1 эсебинде утулуп калган болчу.



Тектеш кабарлар