Түркиянын майып-ампутант улуттук футбол курама командасы Дүйнө экинчилигин алды

Түркия Футбол федерациясынын «Түркия футбол ойнойт» долбоорунун алкагында колдоого алган, Майыптар спорт федерациясынын алкагында жана Түркселлдин демөөрчүлүгүндөгү ампутант улуттук футбол курама командасы Дүйнөлүк кубокто Ангола менен беттешти.

1081617
Түркиянын майып-ампутант улуттук футбол курама командасы Дүйнө экинчилигин алды
New folder (2)/amputee_3.jpg

Түркиянын майып-ампутант улуттук футбол курама командасы Дүйнөлүк кубокто экинчиликти алды.

Түркия Футбол федерациясынын «Түркия футбол ойнойт» долбоорунун алкагында колдоого алган, Майыптар спорт федерациясынын алкагында жана Түркселлдин демөөрчүлүгүндөгү ампутант улуттук футбол курама командасы Дүйнөлүк кубокто Ангола менен беттешти.

Мексиканын Сан-Хуан-де-лос-Лагос шаарында өткөн мелдештерде чемпиондук оюнунун биринчи жарымында Рахми Өзжандын пастарына чуркаган Серкан Дерели, дарбазачы менен бетме-бет келгенде гол киргизе албады. Беттешүүнүн 24-мүнөтүндө Рахми Өзжан жана Шехмус Эрдинчтин удаама-удаа тебүүсүндө топ дарбаза тирөөчүнө тийип чыкты. Ошентип оюндун биринчи жарымы голсуз бүттү.

Экинчи жарымында дагы атаандашына караганда дагы көп гол позициясын жараткан Түркия командасы гол киргизе албаган соң оюн 0-0 болуп теңме-тең бүттү. 10 мүнөттөн эки жолу кошумча убакыт берилсе дагы гол кирген жок.

Акыры пенальти тебүүлөргө өтүштү. Пенальти тебүүлөрдө Ангола 5-4 менен утту.

Акыркы дүйнө экинчиси Ангола чемпион болгон мелдеште Түркия экинчиликти алды.



Тектеш кабарлар