Түркиянын улуттук командасы концертке катышты
Түрк командасынын тандоо оюндарындагы даярдыктары уланып жатат.
1263933
2020-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында Андорра жана Молдова менен өткөрө турган беттешүүлөрдүн даярдыктары уланып жатканда Түркиянын «А» Улуттук курама командасы концертке катышты.
Улуттук команданын машыктыруучусу Шенол Гүнеш жана футболчулар, Харбийедеги «Жемил Топузлу» ачык асман алдындагы театрда ырчы Огузхан Кочтун концертин көрүштү.
Футболчулар концертке кирип баратканда көрүүчүлөр да кол чаап улуттук командага колдоо көрсөтүштү.
Түрк командасы маанилүү беттешүүнүн алдында моралдык күч-кубат топтоду.