Түркиянын улуттук спортчусу фехтованияда алтын медалга ээ болду

Финалда  итальян спортчу Давид Филиппини менен беттешкен Минуто, атаандашын 15-14түк эсеп менен утуп алып чемпион болду.

1269684
Түркиянын улуттук спортчусу фехтованияда алтын медалга ээ болду

Фехтования боюнча улуттук спортчу Мартино Минуто, Словакияда уюштурулган «Satellite» мелдешинде  (Memorial de Martinengo 2019) алтын медалды багындырды.

Түркиянын Фехтования федерациясынын жарыясына караганда, Словакиянын борбор шаары Братиславада өткөн чемпионатта Минуто, катары менен хорват Лев Смрекарды, венгер Тамас Лискай, итальян Филиппо Герра, сингапурдук  Кевин Жерролд Чан, австралиялык Шолто Дугласты жеңип алып финалга чыкты.

Финалда  итальян спортчу Давид Филиппини менен беттешкен Минуто, атаандашын 15-14түк эсеп менен утуп алып чемпион болду.

Токио-2020 Олимпиада оюндары үчүн квота таймашын  кылган Италия тектүү улуттук спортчу Мартино Минуто, мындан мурда Өзбекстандын борбор шаары Ташкент жана Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда уюштурулган «satellite»  мелдештеринде дагы алтын медалды багындырган болчу.                                                                                                                                                                                                                             



Тектеш кабарлар