Түркиянын волейболчу айымдары Европа экинчилигин алды

Европа Волейбол чемпионатынын финалында Түркия менен Сербия беттешти.

1265893
Түркиянын волейболчу айымдары Европа экинчилигин алды
2019_Eylul_mac3.jpg
2019_Eylul_mac4.jpg
2019_Eylul_eda.jpg
2019_Eylul_ebrar.jpg
2019_Eylul_mac.jpg

Түркиянын волейболчу айымдары Европа экинчилигин алды...

«А» улуттук айымдар курама волейбол командабыз Европа чемпионатынын финалында Сербияга 3-2 эсебинде утулду...

Европа Волейбол чемпионатынын финалында Түркия менен Сербия беттешти.

Ай жылдыздуулар Анкара спорт залында болгон беттешүүгө күйөрмандардын дүркүрөгөн кол чабуулары менен баштады.

Алгачкы оюнду таасирдүү баштаган түрк волейболчулары 25- 21 эсеби менен 1-0 алдыга чыкты.

Экинчи оюнда Михайлович жана Боскович менен чабуулда упай топтогон Сербия командасы оюнду 25-21 эсеби менен утуп 1-1ге теңдеди.

Үчүнчү оюнда блоктор менен үстөмдүк кылган Сербия, 25-21 эсеби менен утуп 2-1 алдыга чыкты.

Төртүнчү оюнда артта баратып алдыга чыккан түрк айымдары оюнду 25-22 эсеби менен утуп, 2-2ге теңдеди.

Чечүүчү оюнду жакшы баштаган Түрк волейболчулары абдан жөнөкөй жаңылыштыктарды кетирип оюн 15-12 менен бүттү жана финалды 3-2 эсеби менен алдырып жиберди.

Ай жылдыздуу команда 2003-жылдан бери экинчи ирет Европа экиничлигин алды.

Сербия болсо удаама-удаа экинчи ирет, жалпы 3 ирет Европа чемпиону болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Айымдар арасында Европа Волейбол чемпионаты-2019да күмүш медалга ээ болгон «А» улуттук курама волейбол командасын куттуктады.

Эрдоган, Твиттер барагынан «FileninSultanları» этикеткасы менен бөлүшкөн куттуктоо билдирүүсүндө, «CEV айымдар волейбол Европа чемпионатында күмүш медаль алып бизди сыймыктандырган Улуттук курама командабызды чын жүрөктөн куттуктаймын. Ырахмат сетканын султандары»,деп жазды.



Тектеш кабарлар