Түркиянын волейболчу айымдары жарым финалга чыкты
«А» улуттук айымдар волейбол командасы, чейрек финалында акыркы эки жылдын финалисти Нидерландия менен беттешти.
Европа Волейбол Конфедерациясы тарабынан 31-ирет уюштурулган Европа Волейбол чемпионаты-2019дун мелдештеринде чейрек финал оюндары аяктады.
«А» улуттук айымдар волейбол командасы, чейрек финалында акыркы эки жылдын финалисти Нидерландия менен беттешти.
Анкара спорт залын толтурган күйөрмандардын колдоосу менен оюнду баштаган улуттук курама команда, биринчи сеткада Нидерландиянын блокторуна каршы жакшы чабуул коюп жатты.
Биринчи сетканы 25-20 эсебинде уткан команда, экинчи сетканы 25-22 менен утту. Үчүнчү сеткада Эда Эрдем жакшы ойноп 25-20 эсебинде утту.
Турнирде чейрек финалга дейре эч утулбаган Нидерландия Түркияга 3-0 менен утулган болду.
Акыркы төрт команда калган мелдеште Түркия Польша менен Сербия Италия менен беттешет.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.