Үчкая көлү ар бир мезгилде ар башка кооздукту тартуулайт
Көлдө жана анын айланасында ар кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Ыгдырдын табигый керемети болгон Үчкая көлү ар бир мезгилде тартуулаган кооздугу менен суктандырат.
Тузлука районунун Үчкая айылындагы көл айланадагы бак-дарактары, камыштары жана ар кандай өсүмдүктөрү менен кооз көрүнүштөрдү тартуулайт.
1500 бийиктикте сүзүүчү аралчалары бар көл жергиликтүү жана чет элдик конокторду күтүп турат.
Айылдын тургундарынын бири Сабри Саржан жаратылышты сүйүүчүлөр аймакка агылгандыгын, «Биздин көл табигый шарты бузула элек сейрек кездешүүчү көлдөрдүн бири. Жаратылыш сүйүүчүлөрүн ушул көлдү көрүүгө чакырабыз»,-деди.
«Балыктар менен канаттуулардын түрлөрү көңүлдү бурат. Фотографтар үчүн укмуштай бай сүрөттөр бар. Көлдө калкып жүргөн аралчалар бар»,-деди ал.
Көлдө жана анын айланасында ар кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгилеген Саржан: «Коноктор көлдүн айланасында лагер куруп, сейилдеп, кайыктар менен сүзүп жүрүшөт. Үчкая көлү - жаратылышты сүйүүчүлөр жана жаратылыш спортчулары көрүшү керек болгон көл»,-деп кошумчалады.