УЕФА Стамбулду таанытты

УЕФАнын интернет барагында орун алган «Кереметтер шаары-Стамбул» аттуу маалыматта, шаардын футбол тарыхы жана оюн ойнолгон Бешикташтын стадиону Водафон Парк туурасында ар түрдүү маалыматтар берилди.

16 Eylül 2019 22:37

 

УЕФА, Ливерпуль жана Челсинин кечээ кечинде болгон Супер кубок беттешүүсүнүн алдында Стамбул жана Водафон Парк стадионун таанытуу үчүн маалымат даярдатты.

УЕФА, Стамбул жана Водафон Парк стадионун болушунча мактады.

УЕФАнын интернет барагында орун алган «Кереметтер шаары-Стамбул» аттуу маалыматта, шаардын футбол тарыхы жана оюн ойнолгон Бешикташтын стадиону Водафон Парк туурасында ар түрдүү маалыматтар берилди.

Стамбулда мындан мурда Милан менен Ливерпулдун ортосунда 2005-жылы болгон УЕФАнын Чемпиондор лигасы жана Шахтер Донецк менен Вердер Бремендин ортосунда 2009-жылы болгон  УЕФА Кубогунун финалдары ойнолгону эске салынган кабарда, «Эки материкти кошкон Стамбул кысыгынын жанында орун алган Водафон Парк дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн берүүгө даярданууда»,делди.

Водафон Паркта тараптардын 132 децибелдик үн менен Европа футбол аренасынын рекордун багындырганы эске салынган кабарда, Стамбулдагы «Ататүрк» стадионунда да 2020-жылдын 30-майында УЕФАнын чемпиондор лигасынын финалы боло турганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, кечээки оюнда Ливерпуль менен Челси оюндарда 2-2 эсебинде теңме-тең чыккан соң, пенальти тебүүлөр болуп Ливерпуль Челсини 5-4 эсебинде утуп алды. Оюнду француз айым калыс Стефани Фраппарт башкарды.