УЕФАнын Супер кубок оюну Стамбулда болот

Англиянын Ливерпуль командасы менен Челси командасы бүгүн кечинде Стамбулда беттешет.

1252334
УЕФАнын Супер кубок оюну Стамбулда болот

44-УЕФАнын Супер кубогу үчүн Англиянын Ливерпуль командасы менен Челси командасы бүгүн кечинде Стамбулда беттешет.

Өткөн сезондо Европанын клубдар жаатында эки чоң кубогун утуп алган командаларын беттештирген УЕФАнын Супер кубок оюнуна Стамбулдагы Водафон Парк стадиону кожоюндук кылат.

УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чемпиону Ливерпуль менен УЕФАнын Европа лигасынын кубогун музейине алып кеткен Челси, УЕФАнын Супер кубогун жеңип алыш үчүн беттешет.

Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө баштала турган беттешүүнү француз айым калыс Стефани Фраппарт башкарат.



Тектеш кабарлар