Украиналык футболчу Артем Бесединге 1 жылдык жаза берилди

Динамо Киевде ойногон 24 жаштагы футболчу 12 улуттук оюнга катышып, 2 голь киргизген.

1417211
Украиналык футболчу Артем Бесединге 1 жылдык жаза берилди

УЕФА Украинанын Динамо Киев  командасында ойногон Артем Бесединге  допинг колдонду деген негиз менен 1 жыл футболдон алыстатуу жазасы берилди.

УЕФАнын  интернет сайтында орун алган маалыматта Динамо Киевдин Европа Лигасындагы Швеция командасы Мальмё менен беттешкен оюндун акырында жасалган тесттерде тыюу салынган заттын кедешилиши менен Артем Бесединге 1 жыл футболдон алыс туруу жазасынын берилгени жарыяланды.

Териштирүү ачылгандан кийин украиналык футболчу Эл аралык спорттук арбитраждык сотуна кайрылбаганы үчүн чечимдин так экендиги билдирилди.

Динамо Киевде ойногон 24 жаштагы футболчу 12 улуттук оюнга катышып, 2 голь киргизген.



Тектеш кабарлар