Улуттук балбандар дагы 2 медалга ээ болушту

Түркиянын Күрөш федерациясы билдирүү жасады.

1661058
Улуттук балбандар дагы 2 медалга ээ болушту

Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Европа чемпионатында улуттук балбандар дагы 2 медалга ээ болушту.

Түркиянын Күрөш федерациясынын билдирүүсүнө караганда, кыздар арасында Туба Демир 53 килограмм салмакта орусиялык атаандашы Наталья Храменковага утулуп күмүш медалга ээ болду.

Кыздар арасында 61 кг салмактагы Бүшра Эфе болсо үчүнчүлүк беттешинде венгриялык Виктория Борсошту жеңип коло медалды жеңип алды.

Кыздар арасында жалпы 2 күмүш жана 1 коло медалын жеңип алган Түркия команда катары Европада 4-болду.

Буга чейин эркин стилде 4 коло медалга ээ болгон Түркия чемпионаттагы медалдардын санын да 7ге жеткирди.



Тектеш кабарлар