Волейбол боюнча кыздар улуттук курама командасы EYOFту күмүш медаль менен аяктады
Түркиянын волейбол федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Словенска Лупча залында ойнолгон беттештин биринчи сети 25-12, экинчи сет 27-25 эсебинде Италиянын артыкчылыктары менен аяктады.
19 жашка чейинки волейбол боюнча кыздар улуттук курама командасы Словакиянын кожоюндугунда өткөн Европа жаштар олимпиадасында (EYOF) финалдык беттешүүдө Италияга 3-1 эсебинде утулуп күмүш медалга ээ болду.
Түркиянын волейбол федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Словенска Лупча залында ойнолгон беттештин биринчи сети 25-12, экинчи сет 27-25 эсебинде Италиянын артыкчылыктары менен аяктады.
Улуттук курама үчүнчү сетти 20-25 эсебинде утуп, төртүнчү сетти 25-21 эсебинде утулуп, матчты 3-1 эсебинде жеңген Италия алтын медалга ээ болду.
Ай жылдыздуу команда EYOFту 2019 жана 2015-жылдары алтын медаль, 2011 жана 2019-жылдары коло медалдары менен аяктаган.
18 жашка чейинки эркектер улуттук курама командасы болсо EYOFда үчүнчү орун үчүн беттешүүдө Чехияга 3-1 эсебинде жеңилип, турнирди төртүнчү орун менен аяктады.