Жаш бадминтончулар 5 медаль алып кетишти

Сербиянын Нови Сад шаарында өткөн 17 жашка чейинкилердин Бадминтон чемпионатына түркиялык спортчулар да катышты.

1254326
Жаш бадминтончулар 5 медаль алып кетишти

Сербиянын Нови Сад шаарында болгон 17 жашка чейинкилердин Балкан Бадминтон чемпионатында түркиялык спортчулар 1 күмүш 4 коло медалга ээ болушту.

7 өлкөдөн 50 спортчу катышкан мелдеште, эркектер арасында жекеме-жеке таймашта Орчун Өзтүрк экинчиликти алса, айымдар арасында жекеме-жеке таймашта Бахар Сабанжы үчүнчүлүк орунду ээледи.

Түркия "В" жана "С" командалары менен катышкан командалык мелдештерди үчүнчүлүк менен бүтүрдү.

Эркектер жуп категориясында Керем Өздер-Фуркан Сарач экөө жана аралаш жуптар категорияда Суденаз Дуяр-Орчун Өзтүрк экөө үчүнчүлүккө ээ болушту.

 


Этикеткалар: #Балкан өлкөлөрүнүн

Тектеш кабарлар