Абадан операция жүргүзүлдү

Абадан операцияда террористтерге оор сокку урулду.

1129593
Абадан операция жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндөгү Заб, Синат-Хафтанин жана Хакурк аймактарына карай абадан операцияларда база аймактарына кол салууга даярданган кеминде 6 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жарыяланган билдирүүдө, Ирактын түндүгүндөгү Заб, Синат-Хафтанин жана Хакурк аймактарына кечээ жүргүзүлгөн абадан операцияда террордук уюмга таандык курал жарак сактоочу жана баш калкалоочу жайлардын талкалангандыгы, база аймагына кол салууга даярданган кеминде 6 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.


Этикеткалар: #операцияларда

Тектеш кабарлар