"Абдүлхамид Хан" кемеси Йөрүклер-1ге жетти

Министр Дөнмез Твиттерден билдирүү жасады.

1866417
"Абдүлхамид Хан" кемеси Йөрүклер-1ге жетти

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын төртүнчү бургулоочу «Абдүлхамид Хан» кемесинин Жер Ортолук деңизиндеги биринчи бургулоо иши үчүн "Йөрүклер-1" кудугуна жеткенин кабарлады.

Министр Дөнмез Твиттердеги билдирүүсүндө: «Абдүлхамид Хан улутубуздун тилектеринин жана үмүтүнүн негизинде Жер Ортолук деңиздеги биринчи иштей турган жери Йөрүклер-1де...»,-деп маалымдады.

Жетинчи муундагы технологияга ээ болгон кеменин узундугу 238 метр, туурасы 42 метр. Кош мунарасы жана 200 экипажы менен активдүү позициялоо системасына ээ болгон кеме, 12 миң 200 метрге чейин бургулоо жөндөмү менен өзгөчөлөнүүдө.

"Йөрүклер-1" кудугу Антальянын Газипаша районунан 55 километр алыстыкта ​​жайгашкан.



Тектеш кабарлар