Адилеттик министри Абдүлхамид Гүл Кытайда

Расмий сапар менен Кытайга барган адилеттик министри Абдүлхамид Гүл борбор шаар Пекинде кытайлык кесиптеши Фу Чынгхуа менен жолугушту.

1087549
Адилеттик министри Абдүлхамид Гүл Кытайда
Abdülhamit Gül, Fu Cınghua.jpg

Расмий сапар менен Кытайга барган адилеттик министри Абдүлхамид Гүл борбор шаар Пекинде кытайлык кесиптеши Фу Чынгхуа менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Абдүлхамид Гүл менен кытайлык кесиптеши эки өлкөнүн адилеттик министрлеринин ортосунда кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө карата макулдашуу келишимине кол коюшту.

Жолугушуудан кийин маалымат берген адилеттик министри Гүл : «Урматтуу адилеттик министри менен абдан түшүмдүү жыйын өткөрдүк. Маселелерибиз тууралуу сүйлөштүк. Эки өлкөнүн адилеттик маселелери тууралуу кызматташуу маселелерин жана бул маселелерди чечүүнү, кызматташуубузду күчтөндүрүүгө карата ачык түрдө сүйлөштүк. Ийгиликтүү, түшүмдүү жыйын өткөрдүк»,- деди.

Түркия менен Кытайдын ортосунда эки өлкө лидерлеринин жолугушууларынын негизинде диалог жана кызматташуунун күч алгандыгын айткан министр Гүл бул абалдын экономикалык, соода жана саясий тармактар менен бирге адилеттик тармагында да пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар