Афганстанда ТИКАнын тигүүчүлүк курсун бүтүргөндөр бет кап тиге баштады

3 айда 50 000 бет кап, 1000 дарыгер ал жапкычын тигип саламаттык сактоо кызматкерлери менен муктаж болгон кишилерге акысыз таркатылары белгиленди.

1426208
Афганстанда ТИКАнын тигүүчүлүк курсун бүтүргөндөр бет кап тиге баштады

Афганстандын Фаряб облусунун Андхой районунда Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгы ТИКАнын кесиптик курсун бүтүргөн аялдар Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде бет кап жана коргоочу кийимдерди чыгара башташты.

ТИКАнын Мезар  -  ы Шериф кеңсесинен берилген маалыматта Андхой кесипке ээ кылуу курсунан өткөн жылы 6 ай аялдарды түрдүү кесиптер менен бирге тигүүчүлүккө да үйрөткүнү билдирилди.

Бул курстун бүтүрүүчүлөрү экипедмия менен күрөшкө колдоо берүү максатында бет кап жана коргоочу кийимдерди тиге баштаганы баса белгилеген маалыматта бардык материалдардын ТИКА тарабынан берилгени маалымдалды. 3 айда 50 000 бет кап, 1000 дарыгер ал жапкычын тигип саламаттык сактоо кызматкерлери менен муктаж болгон кишилерге акысыз таркатылары белгиленди.

 



Тектеш кабарлар