Афинада Улуттук коргоо министрликтеринин кызматташуусу сүйлөшүлүүдө

Бул тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинин расмий Твиттер барагынан жарыяланды.

1362095
Афинада Улуттук коргоо министрликтеринин кызматташуусу сүйлөшүлүүдө

Түркия жана Грециянын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү максаттаган Улуттук коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосундагы жолугушуулар бүгүн дагы улантылат.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги түрк жана грек улуттук коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосунда Грециянын борбор шаары Афинада уланган жолугушуулардын экинчи күнүн кечээ аяктаганын билдирди.

Министрликтин Твиттер барагынан берилген маалыматта, «Афинада уланган жана ишенимди арттыруучу чара көрүүлөр баш болгон эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү максаттаган жолугушууларда экинчи күн аяктады. Жолугушууларды эртең (бүгүн) дагы улантабыз»,делди.



Тектеш кабарлар