Аясофия 24 - июлда ибадатка ачылат

Президент Р. Т. Эрдоган Аясофиянын каалгаларынын  жергиликтүү жана чет элдик, мусулман жана мусулман болбогон баарына акырына чейин ачык болорун  айтты.

1453024
Аясофия 24 -  июлда ибадатка ачылат

 Президент Р. Т. Эрдоган Аясофиянын каалгаларынын  жергиликтүү жана чет элдик, мусулман жана мусулман болбогон баарына акырына чейин ачык болорун  айтты.

Президент Эрдоган Мамлекеттик кеңештин чечими менен музей статусун жоюп кайрадан ибадатка ачылган Аясофия тууралуу улутка кайрылды. Эрдоган кайрылуусунда : «Адамзаттын орток мурасы Аясофия жаңы статусу менен баарын кучагына алууну улантат»,- деди.

Баарын Түркиянын сот жана иш алып баруу органдары тарабынан чыгарылган Аясофия чечимине сый көрсөтүүгө чакырган Эрдоган көз караш билдирүүдөн башка мамиле жана сөздөрдүн көз карандысыздыктын бузулушу катары кабыл алынарын билдирди. Эрдоган : «Ватиканды музейге айландыруу менен ибадатка жабылышын талап кылып, Аясофиянын музей катары калышында катуу туруу бир эле логикадан келип чыккан»,- деди.

Президент Стамбулдун Осмон императору Фатих Султан Мехмет 1453 -  жылы багындыргандан кийин Аясофиянын мечитке айландырылганын эске салып бүгүн келинген жерди : «Бул 567 жылдык укук. Ишеничке байланыштуу бир талкуу боло турган болсо бул Аясофия эмес, ислам душмандыгы жана чет элдик жек көрүү болушу керек»,- деди.

Түрк улутунун Аясофияга көзүнүн карегиндей караганын айткан президент : ««Кудайдын акылмандыгы» деген мааниге келген оригинал атын өзгөртүүгө да аракет кылган жок»,- деди.

Эрдоган 2020 -  жылы 24 -  июль жума күнү жума намазы менен бирге 86 жылдык убакыттан кийин Аясофияны ибадатка ачууну пландашкандарын да белгиледи.

Түркияда ибадатка ачык 435 чиркөө, синагоганын бар экенин да эске салган Эрдоган : «Бул абал айырмачылыгыбызды байлык катары көргөн түшүнүгүбүздүн көрүнүшү»,- деди.

Президент Эрдоган сөздөрүн : «Аясофиянын тирилиши, Месжид  - и Аксанын эркиндикке жетишинин кабарчысы»,- деп аяктады.

 

 

 



Тектеш кабарлар