Аясофияда ибадаттын жолу ачылды

Мамлекеттик Кеңеш 10-палата чечимин чыгарды.

1452829
Аясофияда ибадаттын жолу ачылды

Мамлекеттик кеңештин 10-палатасы, Аясофиянын мечиттен музейге айлантылышы жөнүндөгү Министрлер кеңешинин 1934-жылдын 24-ноябрындагы чечимин жокко чыгарды.

Үзгүлтүксүз фонддордун тарыхый жайларга жана айлана-чөйрөнү тейлөөчү ассоциациясы, Министрлер кеңешинин Аясофияны мечиттен музейге айлантуу чечимин жокко чыгаруу талабы менен Мамлекеттик кеңешке доо арыз менен кайрылды.

Доону соттук териштирүү менен иликтеген  Мамлекеттик кеңеш 2-июлдагы сотто тараптарды укту.

Сот ишинен кийин кеңири карап чыккан Мамлекеттик Кеңеш 10-палата чечимин чыгарды.

Палата Аясофиянын мечиттен музейге айлантылышы жөнүндөгү Министрлер кеңешинин 1934-жылдын 24-ноябрындагы чечимин жокко чыгарды.



Тектеш кабарлар