Акар: «Бирккен Орток Кыймыл борбору толук кандуу иштей баштады»

Бул маалыматты улуттук коргоо министри Хулуси Акар берди.

1257862
Акар: «Бирккен Орток Кыймыл борбору толук кандуу иштей баштады»

Түркия менен АКШнын ортосунда Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүлүүсүнө карай иштердин аткарылышы үчүн куралган «Бирккен Орток Кыймыл борбору» толук кандуу иштей баштады.

Бул маалыматты улуттук коргоо министри Хулуси Акар берди.

Акар, өзү менен бирге башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар жана  деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Аднан Өзбал болуп Измирдеги бөлүктөрдө иликтөө жана текшерүү жүргүздү.

Бул жерде акыркы убактарда болгон абалдарга баа берген министр Акар, Бириккен Орток Кыймыл борборунун толук кандуу иштей баштаганын,биринчи баскыч тууралуу аянтта ишке ашырууларга өтүлгөнүн белгиледи.

Ушул алкакта алгачки тик учардын учуусунун дагы бүгүн ишке ашырылганын белгилеген министр Акар: «Айрыкча террористтерге таандык жайлар жана буктурмалар талкалана баштады»,-деп айтты.

Бир тараптан Сириянын Идлиб шаарында болгон окуяларга да токтолгон Акар: «Идлибде байкоочу пункттарыбызга же ал жердеги аскердик техникабызга карай кандайдыр бир кол салуу болсо укуктуу коргонуубузду акырына чейин колдонобуз»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Акар, айрыкча Ирактын түндүгүндө уланган террор менен күрөшүү операциялары тууралуу, «Чеңгел-1де 64, Чеңгел-2де 16 болуп акыркы 8 айда Ирактын түндүгүндө 654 террорист жок кылынды. Бүгүн башталган Чеңгел-3 ийгиликтүү уланууда»,-деп айтты.


Этикеткалар: #АКШ , #Сирия , #Акар , #Түркия

Тектеш кабарлар