Акар өзбекстандык кесиптеши менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык коопсуздук темалары менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык тууралуу пикир алмашылды.
1866760
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Өзбекстандын коргоо министри генерал-лейтенант Бахадыр Курбанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда сүйлөшүүдө, эки тараптуу жана аймактык коопсуздук темалары менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык тууралуу пикир алмашылды.
Сүйлөшүүдө эки боордош өлкөнүн аскердик билим берүү тармагындагы кызматташуу иш-аракеттерин улантууга байланыштуу түшүнүк да баса белгиленди.