Акар: «Сириядагы көзөмөл пункттары артка чегинбейт»

Хулуси Акар журналисттерге маалымат берди.

1362540
Акар: «Сириядагы көзөмөл пункттары артка чегинбейт»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириядагы көзөмөл пункттарынын артка чегинишинин мүмкүн эмес экенин, бул жерлерге кол салуулар болсо эселентип жооп кайтарыла тургандыгын айтты.

Хулуси Акар Түркия Улуу Улуттук Жыйынында журналисттерге күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Акар: «Сириядагы режим абадан жана кургактыктан кол салууда. Мектептерди, ооруканаларды бомбалап жатышат. Аккан канды токтотуу биздин алдыңкы максатыбыз. Сириядагы көзөмөл пункттарынан артка чегинбейбиз, кол салуу болсо эселентип жооп кайтарылат»,-деди.

«Европалык жана америкалык кесиптештерибизден убадаларын орундатууларын күтүүдөбүз» деген министр Акар, Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн улана турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар