"Бардык тармакта Түркияны жаныбызда көрдүк"

Азербайжандын саламаттык сактоо министри Элсевер Агаев : «Түркия калкына, мамлекетине, президентине ыраазыбыз. Моралдык жана саясий жактан колдоо берип жаныбызда болгону үчүн ыракмат айтабыз»,- деди.

1519246

Түрк Кеңешинин саламаттык сактоо боюнча билим берүү кеңешинин жыйыны үчүн Стамбулга келген Агаев сөзүндө Армениянын кол салууларын белгилеп, Түркиянын бул процессте Азербайжанга берген колдоосунан улам ыракмат айтты.

Агаев : «Зарыл болгондо бардык тармакта Түркияны жаныбызда көрүүдөбүз. Дагы бир жолу белгилегим келет ; Түркия калкына, мамлекетине, президентине ыраазыбыз. Моралдык жана саясий жактан колдоо берип жаныбызда болгону үчүн ыракмат айтам»,- деди.

Кеңештен кийин саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен өткөргөн эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн да ар дайым бири биринин жанында экендигин баса белгилегенин айткан Агаев 1994 -  жылы Түркия менен саламаттык сактоо тармагында кол койгон жана андан кийин жаңыланган протоколдун негизинде иштерин улантышкандарын  белгиледи.

Азербайжанга Түркиядан бир топ дарыгердин барып, менчик ооруканаларда иштеп жатышкандарын белгилеген Агаев каалгаларынын аларга дайыма ачык экендигин айтты.

Тектеш кабарлар