Чавушоглу Давосто Барзани менен жолукту

Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат.

1345072
Чавушоглу Давосто Барзани менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан 50-Дүйнөлүк экономикалык форумда Ирактын Күрт аймактык жетекчилигинин башчысы Начирван Барзани менен жолукту.

Министр Чавушоглу жабык эшик артында өткөрүлгөн жолугушууда, Түркиянын АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуудан кийин Иракка тилектештик көрсөткөнүн, маселенин чечилүүсү үчүн активдүү аракет кылып жатканын белгиледи.

Оор мезгилде Ирактын биримдигин жана бүтүндүгүн сактоонун маасин баса белгилеген Чавушоглу, Ирактагы баардык тараптардын өлкөнүн биримдиги жана бүтүндүгү үчүн аракет кылышы керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Иракта сектанттык жана этникалык негиздерде бөлүнүүнүн коркунучтуу экенине да көңүл буруп: «Ирактын Күрт аймактык жетекчилиги менен карым-катнаштарды бекемдөөнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар