Чавушоглу германиялык кесиптеши менен жолукту

Жолугушуу Хельсинкиде өткөрүлдү.

1203192
Чавушоглу германиялык кесиптеши менен жолукту

 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу немис кесиптеши Хейко Маас менен жолугушту.

Чавушоглу Маас менен Финляндиянын Хельсинки шаарында өткөргөн жолугушуусуна байланыштуу социалдык медиа баракчасынан жарыялаган бөлүшүүсүндө: «Германия менен алдыдагы мезгилде министрликтерибиздин ортосунда Стратегиялык диалог механизми жана Өкмөттөр аралык кеңешүү жыйындарын өткөрөбүз»,-деп айтты.

Хельсинкидеги Европа кеңешинин министрлер комитетинин жыйналышына байланыштуу да маалымат берген Чавушоглу: «Европа кеңеши Европада жаңы бөлүп-жарууларга жол бербеши керек. Эксперттик механизмдердин саясатташуусуна уруксат бербеши зарыл. Улутчулдук, Исламга каршылык, еврей душмандыгы, жек көрүүчүлүк айтымдары жана популизмге каршы бирдикте күрөшүүбүз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар