Чавушоглу Грециянын президентине каршылык көрсөттү

Чавушоглу, Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракияга сапарында Мусулман Түрк азчылыгынын кимлиги тууралуу айткан «Мусулман Грек азчылык» сөзүнө каршылык көрсөттү.

1361522
Чавушоглу Грециянын президентине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракияга сапарында Мусулман Түрк азчылыгынын кимлиги тууралуу айткан «Мусулман Грек азчылык» сөзүнө каршылык көрсөттү.

Чавушоглу, социалдык медиа барагы Твиттерден берген бөлүшүүсүндө: «Демократиянын бешиги экени айтылган бир өлкөнүн президенти кайрадан Мусулман Түрк азчылыгына «Мусулман Грек азчылык» дептир. Европанын Адам укуктары сотунун ондогон өкүмдөрүнө карабастан айтыптыр. Сиз эмне десеңиз деңиз Батыш Фракия Түрк азчылыгы кылымдар бою Түрк болгон, Түрк бойдон калат»,-деп айтты.

14-мартта кызматы аяктай турган президент Павлопулос, 16-февраль күнү Батыш Фракияга жасаган сапарында сүйлөгөн сөзүндө азчылыктарга токтолуп «Лозанна» келишимине караганда Батыш Фракия Түрк азчылыгынын бир гана диний азчылык болгонун, Стамбулдагы Православ Рум азчылыгынын болсо улуттук азчылык болгонун айтып чыккан.

Павлопулос, сөзүндө Стамбулдагы рум азчылыгын «Грек азчылык» деп айтса, Грециядагы Түрк азчылыгын болсо «Грек мусулман азчылык» деп айткан.



Тектеш кабарлар