Чавушоглу Испаниянын медиасындагы бурмалоолорго каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Испаниянын түрк фирмаларынан алган дем алуу аппараттары тууралуу бул өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга каршылык көрсөттү.

1391488
Чавушоглу Испаниянын медиасындагы бурмалоолорго каршылык көрсөттү

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Испаниянын түрк фирмаларынан алган дем алуу аппараттары тууралуу бул өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга сереп салды.

Чавушоглу, Испаниянын тышкы иштер министри Аранча Гонзалес Лаянын түз эфирде Ипаниянын телеканалына берген маалыматында өлкөнүн айрым аймактарында Түркия тууралуу чыккан айыптоолорду кескин түрдө четке какканын эске салып, «Лая ушул убакка дейре Түркиянын Испанияга көрсөткөн колдоосун күчтүү түрдө дагы бир жолу баса белгилеп өлкөбүзгө ыраазычылыгын билдирди»,-деди.

Министр Чавушоглу, Түркиядагы айрым фирмалардын экспортуна байланыштуу жасалган түзөтүүлөрдү билсе дагы дагы көп акча табыш үчүн ар башка өлкөлөрдөн келген талаптарды жоопсуз калтырбаганын же болбосо Саламаттык сактоо министрлигине багыттоонун ордуна келишимдерге кол койгонун маалымдады.

Фирмалардын уруксат албастан башка өлкөлөр менен келишимге кол койбоолору керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Үч беш тыйын табабыз деп бул фирмалар өлкөбүздү бул тузакка түшүрбөшү керек»,-деди.

Испаниянын басма сөзүндө чыккан негизсиз кабардын себебинен жаңылыш сереп салуулар да жасалганына токтолгон Чавушоглу: «Саламаттык сактоо министрлигибиздин да буйругу менен 116 дем алдыруучу аппараттын уруксатын бердик. Алдыдагы күндөрдө Испанияга ансыз деле барат. Кайсы товарды, качан бере ала турганыбызды дагы Саламаттык сактоо министрлигибиз белгилейт»,-деди.

Испаниянын басма сөзүндөгү бурмалоолорго каршы тышкы иштер министри Лаянын түз эфирден билдирүү жасаганын белгилеген Чавушоглу, Лаянын социалдык медиа барагы Твиттерден «Дос жана шериктеш Түркиянын жардамына ырахмат айтабыз» деген бөлүшүүсүн кошуп, «Дос Испаниянын ар дайым жанындабыз. Бул күндөрдү баарыбыз бирге ашып өтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар