Чавушоглу: «Келип жеткен баскычта мындан ары эл аралык териштирүүнүн шарт экенин көрүүдөбүз»

Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) суроолорго жооп берген Чавушоглу, Кашыкчынын өлтүрүлүшү темасында Түркиянын ачык процесс жүргүзгөнүн жана бүткүл дүйнөнүн муну кабыл алганын айтты.

1088311
Чавушоглу: «Келип жеткен баскычта мындан ары эл аралык териштирүүнүн шарт экенин көрүүдөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышы тууралуу: «Келип жеткен баскычта мындан ары эл аралык териштирүүнүн шарт экенин көрүүдөбүз»,-деди.

Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) суроолорго жооп берген Чавушоглу, Кашыкчынын өлтүрүлүшү темасында Түркиянын ачык процесс жүргүзгөнүн жана бүткүл дүйнөнүн муну кабыл алганын айтты.

«Эл аралык коомчулук менен ачык түрдө бул процессти сүйлөшүүдөбүз»,-деп айткан Чавушоглу: «Эң башында «азырынча биз Сауд Арабия менен жумушчу тобун түздүк, учурда эл аралык сотко алып барууну ойлогон жокпуз»,дедик, бирок ушул келип жеткен баскычта эми эл аралык териштирүүнүн шарт экенин көрүүдөбүз. Эмнеси болсо болсун, биз бул кылмыштын бардык жактары менен ачыкка чыгарылышы үчүн эмне керек болсо жасайбыз. Жабууга аракет кылуу, макулдашууга аракет кылуу болбойт».

Кашыкчынын мыкаачылык кылмыштын курмандыгы болгонун белгилеген Чавушоглу, чалгындоо жана коопсуздук бөлүктөрүнөн чогултулган далилдерди сурагандарга көрсөткөндөрүн айтты.

Чавушоглу: «Түркия кандайдыр бир калпты айткан жери жок. Түркиянын колунда эмне бар болсо эл аралык коомчулук менен бөлүшүүбүз зарыл»,-деп айтты.

Үйлөнүү процедураларын камсыздаш үчүн 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кирген Кашыкчы, ал жерде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.



Тектеш кабарлар