Чавушоглу Ливанга барды

Министр Чавушоглу расмий жолугушууларын баштады.

1257237
Чавушоглу Ливанга барды

 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен Ливанга барды.

Министр Чавушоглу жана аны коштогон делегация, баш калаа Бейруттагы «Рефик Харири» эл аралык аэпортунда Түркиянын Ливандагы элчиси Хакан Чакыл, Ливандын Тышкы иштер министрлигинин протокол директору Некла Асакир жана берки жетекчилер тарабынан тосулуп алынды.

Чавушоглу Твиттерден берген маалыматында: «Эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн дос өлкө Ливанга келдик» деп билдирди.

Ливандык жетекчилер менен жолугушууларын президент Мишель Авн менен кезигип баштаган Чавушоглу, андан соң Парламенттин төрагасы Небих Берри, премьер-министр Саад аль-Харири, тышкы иштер министри Жибран Басил жана ички иштер министри Рая эль Хасан менен улантуусу күтүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймыктык маселелер туурасында пикир алмашылышы пландалгандыгы белгиленди.

Чавушоглу ошондой эле Ливанга сапарынын алкагында бул өлкөдө жашаган түрк жарандары менен да жолугушмакчы.



Тектеш кабарлар