Чавушоглу-Рааб сүйлөшүүсү
Эки минист телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1391816
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу англиялык кесиптеши Доминик Рааб менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Мевлүт Чавушоглу Раабга ооруканага жаткырылган премьер-министр Борис Жонсондун тез сакайып кетишин тилегенин билдирди.
Жонсон доктурлардын сунушу боюнча кечээ кечинде тесттер үчүн ооруканага жаткырылган эле.
Жогорку температура жана жөтөл сыяктуу белгилерди көрсөткөн Жонсондун 27-марттагы тесттинен Ковид-19 аныкталган болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.