Чавушоглу Сребреница геноцидинин 25 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Кыргында сербдер кеминде 8 миң 372 босниялыкты өлтүрүшкөн.

1453280
Чавушоглу Сребреница геноцидинин 25 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Босния- Герцеговинанын чыгышындагы Сребреница шаарында 1995-жылы болгон геноциддин 25 жылдыгына карата «Сребреница - бул адамдын кадыр-баркы катуу жаракат алган, тарыхка кара так калтырган жер болуп саналат"деп бөлүштү.

Министр Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Геноциддин 25 жылдыгында биз босниялык бир туугандарыбыздын жанындабыз. Сребреница - бул адамдын кадыр-баркы катуу жаракат алган, тарыхка кара так калтырган жер болуп саналат" деген сөздөргө орун берди.

Босния-Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницанын  1995-жылы 11-июлда Ратко Младичтин буйругу менен серб аскерлери тарабынан басып алынышынан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) карамагындагы нидерландиялык аскерлерге баш калкалаган карапайым босниялыктар кийинчерээк сербдерге өткөрүлүп берилген.

Босниялык жоокерлердин көзөмөлүндө турган аймакка аялдар менен балдардын баруусуна мүмкүндүк берген сербдер, кеминде 8 миң 372 босниялык кишини токой аянттарында, заводдордо жана кампаларда өлтүрүштү. Өлтүрүлгөн босниялыктар массалык мүрзөлөргө көмүлдү.

Согуштан кийин дайынсыздарды табуу үчүн башталган иштерде, денелери массалык мүрзөлөрдө табылган сөөктөр аты жөнү аныкталгандан кийин жыл сайын 11-июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүндө өткөрүлгөн азем менен жерге берилүүдө.



Тектеш кабарлар