Чавушоглу «Түркия» брендин күчтөндүрүүнү уланта тургандарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 13-Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.

1866525
Чавушоглу «Түркия» брендин күчтөндүрүүнү уланта тургандарын айтты

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Түркия» брендин күчтөндүрүүнү уланта тургандарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу 13-Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.

Байланыш жагынан абдан орчундуу бир мезгилде экенин белгилеген Чавушоглу, жалган маалымат жана маалыматтын булганышынын турмуш чындыгы экенин, булардын негизги басма сөздү көбүрөөк колго алгандарын жана Түркиянын тез-тез терс кампанияларга дуушар болгонун түшүндүрдү.

Террор менен күрөшүүдөн 1915-жылдагы окуяларга, Карабах согушунан Орусия-Украина согушуна чейин Түркиянын каралоо кампанияларынын бутасы болгонун белгилеген Чавушоглу: «Бул мааниде байланыш, балким, дипломатиянын эң маанилүү өлчөмү болуп саналат. Ушул себептен Коммуникация башкармалыгыбыз жүргүзгөн стратегиянын алкагында биздин министрликтин жана башка кызыкдар тараптардын байланыш аракеттери абдан маанилүү»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Президенттикке караштуу Коммуникация башкармалыгыбыз менен катар Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT) жана Анадолу агенттиги (AA) менен тыгыз кызматташтыкта ​​иш алып баргандарына көңүл буруп, өзгөчө Анталия дипломатия форумунда (ADF) үлгү болорлук кызматташтыкты жүргүзүшкөндөрүн белгиледи.

«Түркия» брендин күчтөндүрүү үчүн биргелешип иштешкендерин баса белгилеген тышкы иштер министри: «Президентибиздин жетекчилигинде өлкөбүздүн атын чет тилдерде «Түркия» деп колдонуу демилгеси маанилүү кадам болду. Биз бул маселе боюнча бардык чет элдик өкүлчүлүктөрүбүз менен талыкпай иштөөнү улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар