«Чеңгел-жолборс» операциясы уланып жатат

Операцияда 8 террорист жок кылынды.

1453157
«Чеңгел-жолборс» операциясы уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү (TSK) тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнөн 8 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, «Чеңгел-жолборс» операциясы ийгиликтүү уланып жатат.

Билдирүүдө: «Чеңгел-жолборс операциясынын алкагында Хафтанин аймагында аныкталган дагы 8 ПКК террористи жүргүзүлгөн аба операциялары менен жок кылынды. Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга дейре улантылат»,-делди.  



Тектеш кабарлар