ДЕАШ террордук уюмдун жандуу бомба боюнча жооптуусу Сирияда кармалды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу кармалган террористтин Аль Насыр Убейде каймана аттуу Юсуф Хуба экендигин билдирди.

1310801
ДЕАШ террордук уюмдун жандуу бомба боюнча жооптуусу Сирияда кармалды

Түрк коопсуздук күчтөрү ДЕАШ террордук уюмдун жандуу бомба жооптуусун Сириянын Азез шаарында кармады.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу кармалган террористтин Аль Насыр Убейде каймана аттуу Юсуф Хуба экендигин билдирди.

Операцияга байланыштуу кенен маалымат берген Сойлу Юсуф Хубанын бүткүл дүйнөдө интернет аркылуу жандуу бомба үчүн машыктырган террорист экендигин билдирди.

Сойлу : «Азезде кармалган ДЕАШ террордук уюмдун корбашысы Эбу Жихад ел дин Насыр Убейде каймана аттуу Юсуф Хуба уюмдун негизги ысымы. Бомба жасоо, бомбалуу кол салууларды үйрөткөн киши. 2018 -  жылы Орусиядагы бомбалуу кол салууну, Германиянын Гамбург шаарында соода борборундагы кол салууну пландаган, жолдомо берген бул киши бүткүл дүйнөдөгү ДЕАШ террордук уюмдун кол салуучуларын бомбалуу унаа даярдоо, жандуу бомба даярдоо, уу менен кол салуу тууралуу машыктырган киши»,- деди.

Министр Сойлу террористтин Сирияда тергөөсүнүн улантылып жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар